“Бир бол” фракциясы коалициялык көпчүлүккө кирбейт

2015-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Бир бол” фракциясы оппозициялык азчылыкта болуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу фракциянын басма сөз кызматы билдирди.

“Коалициялык көпчүлүктү түзүүгө киришкен фракцияларга өкмөттү түзүүдө жана анын программасын ишке ашырууда ийгилик каалайбыз. “Бир бол” фракциясы оппозициялык азчылыкта болуу чечимин кабыл алды. Оппозициялык азчылыкта болуу бүгүнкү Конституция боюнча ардактуу милдет. Азыр көптөгөн маселелердин, милдеттердин тез арада аткарылышын, чечилүүсүн эл чыдамсыздык менен күтүп жатат. Биз ал маселелерди кабыргасынан коюп, чечүүгө болгон жолдорду көрсөтүп, өз сунуштарыбызды айтабыз. Эгер туура эмес иштер болсо, мыйзам бузуулар орун алса, биздин фракция биринчилерден болуп баа берет”,- дейт фракция башчысы Алтынбек Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан