Чүйдө үйү өрттөнүп, апасы жана сиңдиси каза болгон кызга жаңы турак жай салынып берилди

Чүй облусунун Кара-Жыгач айылында өрттөн улам үйү күйүп, апасы жана сиңдиси каза болгон кызга жаңы турак жай салынып берилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган министрлик жабыркаган кызга жөлөк пул төлөп, күйүп кеткен бардык документтерин калыбына келтирип берген. Мындан тышкары Аламүдүн районунун Социалдык өнүгүү башкармалыгы апасыз калган кызга дагы бир сиңдиси менен инисин өз камкордугуна алууга уруксат кагазын берди. Ал эми өрттөн улам толугу менен күйүп кеткен үйдүн ордуна жеке курулуш компанияларынын бири жаңы 3 бөлмөлүү турак жай салды.

Айта кетсек, былтыр 4-декабрда саат 00:28 чамасында аталган айылда 100 чарчы метрди ээлеген үй күйүп кеткен. Анын кесепетинен 41 жаштагы Эльвира Үмүтбаева жана 3 жаштагы Касиет Үмүталиева каза болуп, үй ээсинин 4 жаштагы кызы Асият Тимур кызы жана 51 жаштагы тууганы Калдар Орозбаевдин денесинин 20-30 пайызы күйгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
bema_bema
2015-10-30 17:52:10
Жеке курулуш кампаниянын жетечисине чоон рахмат.
+7
Love1234
2015-10-30 17:59:20
эн жакшы кабар эми жалан кана тойлор болсун бул уйдо
+10
EdikoKG
2015-10-30 18:07:41
Жакшы. Ото сонун !:-)
+5
Zai0888
2015-10-30 18:13:25
Соонун. Имамидин байкеге рахмат.
+4
KYRGYZJERI
2015-10-30 18:15:48
Уйу кут болсун, жаш кыз бобокторун апасындай болуп мээримин тогуп, бактылуу жашашсын.
+5
Akmosha
2015-10-30 18:48:35
Мына сонун кабар!Асият жакшы болуп калгандыр,бактылуу болушсунчу.Рахмат,боорукер ишкерлерге...
+3
karakchyyy
2015-10-30 19:36:55
Курганга жараша сапаттуурак материал пайдаланышпаптыр эптемей
0
Take_men
2015-10-30 19:56:57
karakchyyy, жардам кылып бекер салып берсе керек го. Мындайда рахмат айтыш керек салып бергендерге
0
nurgultoktogul
2015-10-31 19:50:19
karakchyyy, ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-11-02 16:13:42
nurgultoktogul - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
0
Alatoo12
2015-10-30 22:31:46
Kg group kuruluw kompaniyasy salip berdi go deym Imamidin baykege chon rahmat..
+1
daniyar84
2015-10-31 06:39:29
Жакшылык иштерди деле жасаса болот экенго алла ыразыы болсун.
+1
Добрый
2015-10-31 08:50:13
Жетим жесирлерге кайрымдуу болгула деп пайгамбарыбыз айткан чон сооп табасынар азамат
+2
Miraida2012
2015-11-01 04:16:32
Ак жолтой,берекелуу,ырыс кешиктуу уй болсун!
+1
Aiya-2012
2015-11-01 18:27:43
Fundamenty pochti jok , salganga jarasha sapattuurak , konul menen salip berishse bolmok.
emnesi bolso da jash baldar chonoygoncho krisha nad golovoy .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан