Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов атындагы дивизиянын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналган акция өттү

Бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарындагы №62-мектеп-гимназиясынын окуу-тарбиялык комплексинде Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов атындагы мотоаткычтар дивизиясынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналган акция уюштурулду. Муну КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Белгилүү болгондой, акцияга Башкы штабдын Башкы оперативдүү башкармалыгынын командиринин орун басары Майрамбек Мусиев, 8-мотоаткычтар дивизиясынын командири Бакыт Бекболотов, 73809-аскер бөлүгүнүн мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары, меймандар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө меймандар жана катышуучулар Ленинград блокадасына арналган музейди көрүшүп, аскерге чакырууга чейинки даярдык классында болушту. Программага ылайык, жогорку класстын окуучуларынан түзүлгөн 8 команданын ортосунда катардык кароо, ошондой эле 73809-аскер бөлүгүнүн жоокерлери менен гимназиячылардын волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Акция командалар үчүн жоокердик түштөнүү менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан