Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакунованы 70 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу 31-октябрда президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
“Урматтуу Самарбүбү Токтакуновна!
Сизди 70 жылдык мааракеңиз менен куттуктайм!
Кыргыз кыйырында сизди билбеген, чеберчилик менен аткарылган күүлөрүңүздү укпаган адам аз чыгар. Сиз элибиздин улуттук музыкалык аспабынын даңкын ааламга чыгарган мыкты аткаруучу катары элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болдуңуз. Сиздин чеберчилигиңизге дүйнөнүн айтылуу театрларында Азиянын, Африканын, Европанын жана Америка континенттеринин элдери тамшанып, жогору баа беришкен.
Сиз талыкпаган эмгегиңиз, табигат тартуулаган талантыңыз менен улуттук музыка өнөрүн бийик деңгээлге көтөрүүгө чоң салым коштуңуз. Кылымдарды карыткан кыргыз элинин үмүтүн жана тилегин үч кыл комуз аркылуу дүйнө элдеринин сезимине жеткире алдыңыз.
Сиздин жогорку чеберчилигиңизди мамлекетибиз жогору баалап, урмат-сый көрсөттү. III даражадагы Манас орденин, Даңк медалын тапшырды. “СССРдин Эл артисти”, “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” деген эң жогорку наамдарды, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарды.
Мындан ары дагы улуттук музыканын сыймыгы болуп, балдарыңыздын урматына бөлөнүп жүрө беришиңизге тилектешмин. Сизге чың ден соолук, узак өмүр жана бакубат турмуш каалайм".