Чыныбай Турсунбеков коалициялык көпчүлүктү түзүү боюнча Бабанов менен сүйлөшүү жүргүздү

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктү жана өкмөттү түзүү үчүн мандат алган КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков "Республика – Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен жолугушту. КСДП фракциясынын катчылыгынан билдиришкендей, жолугушууда коалициялык көпчүлүккө кирүүнүн шарттарын, иштешүү принциптерин талкуулашты. Жогорку Кеңештин түзүмү боюнча Ч.Турсунбековдун ар бир фракциядан бирден төрага орун басарын шайлоонун ордуна көпчүлүктөн жана азчылыктан бирден гана вице-спикер шайлоо, комитеттердин санын 9дан ашырбоо боюнча макулдашты. Өкмөт түзүмү боюнча да бир пикирге келишти. Ал эми курамын кийинки отурумда талкуулашмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан