Бишкек шаарындагы Свердлов райондук администрациясы жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, анда Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, РИИБ, Райондук билим берүү борборунун жана Райондук спорт комитетинин аткарган иштери боюнча отчёттору угулду.
Ага балдар иши боюнча комиссиянын мүчөлөрү, балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зордук-зомбулукту жоюу боюнча чукул чаралар боюнча штабдын мүчөлөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциянын аймактык инспекторлорунун толук курамы, жалпы билим берүү уюмдарынын тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.
Аталган жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.