Москвада имамдардын билим деңгээлин көтөрүү үчүн өтүп жаткан семинарга кыргыз өлкөсүнөн 10 диний кызматкер катышууда. Муфтияттан билдиришкендей, семинарга катышуу үчүн алар 29-октябрда Бишкектен учуп кетишкен. 10 күндүк семинар М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде жана Москва ислам университетинде өтүп, жогорку квалификациялуу мугалимдер жана серепчилер менен дин аалымдары сабак өтүшүүдө.
Семинар учурунда катышуучулар ислам тарыхы, ислам илими жана Куран илими боюнча толук маалыматтарга ээ болушат.