Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү бекети бүгүн, 31-октябрь күнү кечки саат 18:00дө убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, аталган көзөмөл-өткөрүү жайынан адамдардын, унаалардын өтүүсүнө тыюу салынат. 1-майдан баштап кайрадан иштей баштайт. Мындай чектөө 2003-жылдан бери эки өлкөнүн макулдугу менен жүргүзүлүп келет.