Сариев: "Жолдорду куруу, оңдоо жана тейлөөдө сапатка өзгөчө көңүл буруу керек"

Бүгүн, 31-октябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев Япониянын өкмөтү бөлгөн гранттын негизинде алынган жол тейлөө техникаларын тапшыруу аземине катышты. Темир Сариев 25 миллион доллар каражатка жол тейлөө техникаларын бөлүп бергени үчүн Япониянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

“Япониянын эли, өкмөтү Кыргыз Республикасына достук жана бир туугандык мамилесин, жардамын көргөзүп келет. Буга чейин Япониянын көмөгүнүн негизинде “Манас” аэропортун реконструкциялап, эл аралык стандартка ылайыкташтыруу жана Бишкек-Ош жолун оңдоо ишке ашырылган эле. Япониянын өкмөтү мындай жардамды улантып, 25 миллион доллар кайтарымсыз грант бөлүү менен 355 жол тейлөө техникасын берип жатат. Мындай жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз”,- деди Темир Сариев.

Өз сөзүндө Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жол куруу жана оңдоо боюнча транспорттук долбоорлорго өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Темир Сариевдин маалыматы боюнча, 2015-жылы жолдорду куруу жана оңдоого республикалык бюджеттен 3,7 миллиард сом бөлүнгөн. Анын 1 миллиард сому өлкө аймактарындагы ички жолдорду оңдоого берилди.

“Өлкөбүз эгемендик алгандан бери жолдорду оңдоого алгачкы жолу дал ушундай көлөмдөгү каражат берилип жатат. Бул мамлекетибиздеги транспорттук тармактын өнүгүшүнө өбөлгө болот”,- деди ал.

Ошондой эле ал өлкөдө бул тармакта ири долбоорлор ишке ашып жатканын белгилеп, мындай иштер алдыдагы жылдарда жигердүү түрдө уланарын убада кылды. “Учурда өлкө үчүн абдан чоң мааниси бар Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу курулуп, 2017-жылы бүткөрүү пландалууда. Бул тарыхый мааниге ээ жол. Анын бүтүшү менен өлкөдө ички жол шакекчеси пайда болот”,- деди Темир Сариев.

Ошондой эле учурда Бишкек-"Манас" аэропорту жолу курулуп, Бишкек - Кара-Балта жолу жана Ысык-Көл шакекчеси жакынкы аралыкта баштала турганын маалымдады.

Муну менен катар Темир Сариев өлкөдө жол куруу тармагында иштегендерге кайрылып, жолдорду куруу, оңдоо жана тейлөөдө сапатка өзгөчө көңүл буруп, жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Япониянын грантынан келген жол тейлөө техникалары Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарындагы жол тейлөө ишканаларына таратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан