Шашылыш билдирүү! Бүгүн тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот

Бүгүн, 2-ноябрда катуу суук жана жаан-чачындуу аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын унаа жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.

"Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп: 1-3-ноябрда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде -2 градус сууктан +3 градус жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +1…+6 градус жылуу, 2-3-ноябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1 градус сууктан…+4 градус жылуулукка чейин, тоолуу райондордо -1…-6 градус суук, бийик тоолуу райондордо -5…-10 градус суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
killerbee
2015-11-02 09:44:21
Бугун айттынар го бир жолу ертен айтпай беленер
-3
bektursun2010
2015-11-02 18:01:03
ертен учудо мындай болот дейтта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан