Жалал-Абад облусун 2015-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жолдору талкууланды. Экономика министрлигинин билдиришинче, программа Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында ишке ашырылмакчы.
Экономика министрлиги октябрдын соңунда аталган программа боюнча семинар өткөрүп, ага министрликтин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн адистери катышканы айтылды. Жыйында алдыда аткарылчу иш-чаралардын планы жана программанын алкагында ишке ашырылчу инвестициялык долбоорлор тууралуу пикир алышуу болгону айтылды.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү стратегиясы 2013-жылдын январында кабыл алынган.