Бишкек - "Манас" аэропорту жолун оңдоодо 104 жумушчу иштеп жатат

Чүй облусуна караштуу Көк-Жар - Кой-Таш, түштүк-батыш көрүстөнү жана Бишкек шаарынан "Манас" аэропортуна барчу унаа жолдорунда курулуш иштери уланууда. Көк-Жар - Кой-Таш жолунда иштин негизги бөлүгү бүтүп, учурда Шабдан баатыр көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишкен жерине асфальт төшөө жүрүп жатканын 2-ноябрда Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Аталган көрүстөнгө барчу жолдун чуңкурларын жамоо иштери бүткөнү, жакында 2,3 чакырым жерге асфальт төшөлөрү айтылды.

Аэропорт жолунун 7 - 30-чакырымдарында 104 жумушчу, 4 жүк жүктөп берүүчү техника, 13 жүк ташуучу унаа, 4 кран жана башка техникалар иштеп жатат. Эскерте кетсек, президенттин жарлыгы менен быйыл аэропортко барчу жолду капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 1 миллиард 84 миллион 800 миң сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
B.B.Sadykov
2015-11-02 11:27:56
Aeroporttun jolunda iwtegender kaysy jagynda iwtep jatty eken. Takyr korunboyt go. Kunduz otson dele tunu otson dele tehnikalar turat, el bir jagynan kyynalyp otup jatat joldu ondogon e4 kim korunboyt
+1
Aviator
2015-11-02 17:21:59
B.B.Sadykov, озу жумушчулар барбы десен.
0
azazello
2015-11-02 11:51:40
туура айтасын. кээде тамак ичип отурган болот. тан аткандан кечке чейин
0
edu.kg.
2015-11-02 13:04:11
Кыргыздар жарытып жол салчу беле,ала чокуп кылып онгул донгул кылып эптеп бутурду кылышат. Жолго болунгон акчаны четинен жеп атып акырында сапатсыз жол салынат.
0
Aviator
2015-11-02 17:25:01
edu.kg., сен менен таштак жолдо баратсам да
сезилет кыргыз салган асфальт жолдой де
0
aikol87
2015-11-02 23:44:47
Орустарга эле тан каласын.эртеменен карасан эле жол ондолуп калат.биздикилерге окшоп жолду элебей.
0
BiLLy Beck
2015-11-03 14:43:08
Супер инфо жол чындыгында жай салынып атат. Кабарчынарды жибергиле репортаж кылып келсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан