Алмазбек Атамбаев элди электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырмасын берди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-ноябрда энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев менен жолугушуп, президентке өлкөнүн энергетикалык системинин азыркы абалы, жылуулук берүү сезонуна энергетиктердин даярдыгы тууралуу маалымат берилди.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, Турдубаев республика аймактарын, мунун ичинде Бишкектин тургундарын этап-этабы менен газ системине кошуу жана газ жеткирүүчү түтүктөрдү жаңылоо иштеринин жүрүшү тууралуу да айтып берди.

Президент жылытуу сезонун ийгиликтүү өткөрүү маанилүү экенин, элди жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан