Египетте кулаган Орусия учагындагы адамдардын каза болгонуна байланыштуу Бишкекте көңүл айтуу китеби ачылды

Египетте кулаган Орусия учагындагы адамдардын каза болгонуна байланыштуу бүгүн, 2-ноябрда Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинде көңүл айтуу китеби ачылды. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, жарандар аталган элчиликке 18:00гө чейин барып, китепке көңүл айтуу сөздөрүн жаза алышат.

Эскерте кетсек, 31-октябрда 217 жүргүнчүсү жана 7 экипаж мүчөсү менен Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарынан Санкт-Петербургга сапар тарткан Орусия учагы Египеттеги Синай жарым аралына кулаган. Учактагы адамдардын баары каза болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан