Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев Орусия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевге Египеттин аймагында орусиялык учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. “Египет аймагындагы "Когалымавиа" Орусия авиакомпаниясына тийиштүү учактын кыйрашы, анын натыйжасында Орусиянын көптөгөн жарандарынын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым”,- деп айтылат өкмөт башчынын милдетин аткаруучунун катында.
Сариев курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.