Бишкек жылуулук электр борборунда жаңы от казандардын пайдубалына капсула салынды (фоторепортаж)

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкек жылуулук электр борборунда жаңы от казандардын пайдубалына капсула салынды. Кийинки муунга калтырылчу тарыхый мааниси зор эстелик кат орус жана кыргыз тилдеринде жазылып, ага премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев кол коюп, курулуштун түбүнө салынды.

"Баарыңыздарды жаңы энергетикалык блокту түптөө салтанаты менен Кыргыз Республикасынын президентинин, өкмөттүн жана өзүмдүн атымдан куттуктайм. Бүгүнкү иш-чара өлкөбүздүн энергетика системи үчүн гана эмес, жалпы кыргыз жергесин жана анын кубаттуулугу үчүн өтө маанилүү. Биз ЖЭБди модернизациялоодон өткөрүү менен өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун мындан ары да чыңдайбыз жана камсыз кылабыз. Негизгиси, борбор калаабыздын тургундарына туруктуу, үзгүлтүксүз жылуулук, ысык суу жана электр энергия бере алабыз",- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан