Бүгүн, 2-ноябрда Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин көчөсүндө унаа тыгыны пайда болду. Окуя болгон жерден кабарчыбыздын билдиришинче, азырынча МАИ кызматкерлери келе элек, алардын ордуна жарандар тартип орнотуп жатышат. Айрым унаалар адам өтчү жолго буруп кетишүүдө. Унаа тыгынынын себеби - жолдун бир тилкесинде оңдоо иштеринин жүрүп жатканы.
Айта кетсек, буга чейин МАИчилердин унаа тыгындарды жөнгө салуу милдетин жарандар аткарышкан учурлар болгон.