Кубанычбек Турдубаев: “Бишкек жылуулук электр борборунда көмүр былтыркыдан 6 эсеге көп”

Бишкек жылуулук электр борборунда быйыл көмүрдүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 6 эсеге көп. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда ЖЭБде жаңы от казандардын пайдубалына капсула салуу аземинде журналисттерге энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев билдирди. Анын айтымында, учурда жылуулук электр борбору отун жагынан толугу менен сезонго даяр, учурда мекемеде 312 миң тонна көмүр бар.

Бүгүн капсула салынып жаткан курулуш 2017-жылдын август айынан октябрына чейинки аралыкта ишке кирет. ЖЭБде 22 миң тонна мазут бар же 100 пайызга камсыздалды. Газ боюнча 1-октябрга чейин карыздардын баарын жаптык. Учурда көгүлтүр отундун баасын төмөндөтүү боюнча “Газпром Кыргызстан” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”,- деди Турдубаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан