Кыргыз өндүрүшчүлөрү аткезчилик менен киргизилген жүктөрдүн айынан банкрот болуу коркунучу тууралуу айтып чыгышты

Бүгүн, 3-ноябрдагы маалымат жыйынында кыргыз ишкерлери аткезчилик менен киргизилген жүктөрдүн айынан өндүрүш тармактары банкрот болуу коркунучунда экенин айтып чыгышты.

Кыргыз Республикасындагы ишкерлер биримдигинин өкүлү Рустам Жунушев ун комбинаттарындагы кампаларда ундун сатылбагандыгынан иш токтоп тургандыгын айтты.

"Кыргыз жеринде өндүрүлгөн ундар байытылган болушу керек" деген мыйзам чегинде талап бар, байытылбаган унду сатууга тыюу салынат. Мыйзамга ылайык, биз унду байытып жатабыз. Биздин өлкөдө сатылып жаткан Казакстандын ундары байытылган эмес, аны көзөмөлдөгөн орган жок. Бүгүнкү күндө ун комбинаттарындагы 5 миң жумушчу төлөнбөй турган эмгек өргүүсүндө жүрөт. Азыр комбинаттардын кампаларында ун аябай көп. Бир гана ун эмес, сатылбаган башка азыктар да бар. Таза, расмий иштеген ишканалар азыр токтоп калды. Бул бирдей шарт түзүлбөй жатат деген сөз",- деди Жунушев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mars55
2015-11-03 15:05:26
ушу эн туура койгой ананда Тажикстандан келген (сосиска сметана кефир)ж.б.у.с товарларга козомол жок болуп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан