Бүгүн, 3-ноябрда Бишкекте “Реалдуу архитектура” аталышында бир катар уюмдардын долбоордук жумуштарынын көргөзмөсү ачылды. Ага өлкөдө курулуп бүткөн жана пландалган объектилердин эскиздери коюлду. Иш-чаранын уюштуруучусу Кыргыз мамлекетинин долбоордук уюмдары ассоциациясынын төрагасы Таалай Мурзакуловдун айтымында, акыркы 20 жылдан бери долбоордук уюмдар өздөрүнүн эмгектерин эл алдына биринчи жолу алып чыгып коюшту.
“Биздин көргөзмөнүн максаты - ушундай иш-чараларды өткөрүп, элдин архитектурага болгон көз караштарын алмаштыруу. Анткени коом биздин шаарларды жана айылдарды укмушка айлантуу мүмкүн эмес деп ойлошот. Чындыгында андай эмес, биздин таланттуу архитекторлор кыргыз жергесинин эл көп отурукташкан аймактарын мындан да кооз кыла алышат",- деди Мурзакулов.
Көргөзмө 14-ноябрга чейин уланат.