Автоунаа сатып алууда өзүнүн атына каттоодон өткөрүү же ишеним кат алуу зарыл. Мындай демилгени бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин Регламент, укуктук маселелер жана укуктук тартип боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева сунуштады.
Анын айтымында, өлкөдө унааны айдоого уруксат берген ишеним каттарды жойгондон бери жол-кайгуул кызматкерлеринин жумушу бир топ оорлоду. "Учурда кандайдыр бир жол кырсыгы катталганда айдоочулар унааларын таштап, окуя болгон жерден качып кетишүүдө. Ал автоунаанын ээсин табуу үчүн инспекторлор бүт республиканы кыдырып издөөгө туура келүүдө. Кээде ал адам унаасын бирөөгө саткан болот. Ошондуктан унааны сатып алууда жаңы кожоюн аны өз атына катташы керек же болбосо ишеним кат менен айдоо тартибин кайтаруу кажет”,- деди Жанабаева.
Эскерте кетсек, 2012-жылдын 1-августунан тарта автоунааны ишеним кат менен колдонуу тартиби жоюлган.