Бишкек шаарында 4240 жайга жол белгилерин коюу зарыл болсо, дагы 3105 жол белгисин алмаштыруу керек. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин Регламент, укуктук маселелер жана укуктук тартип боюнча комиссиясынын жыйынында белгилүү болду. Маалыматка караганда, былтыр Бишкекте 7 миңден ашык жол белгилерин коюу кажет болгон.
Муну менен катар жыйында лицензиясы жок унаалардын ишмердүүлүгү тууралуу сөз болду. “Тиешелүү уруксаты жок иштеген таксисттер коомдук транспорт токтоочу аялдамаларга туруп алышат. Анысы аз келгенсип, унааларын текшерүүгө алганда техникалык кароодон өткөн кагаздары жок болуп чыгат. Бул жагдай жүргүнчүлөрдү ташууда кооптуу абалды пайда кылат”,- дешти жыйындын катышуучулары.