Өлкөбүздүн 6 миллионунчу жараны ноябрь айынын ортосунда төрөлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалым болгондой, жыл башынан бери 79 миң наристе төрөлгөн, алардын көбү Бишкек, Ош жана Баткенде жарык дүйнөгө келген. Ошол эле маалда быйыл каза болгондордун саны 17 миңди түзөт. Ал эми өз мекенине 2 миң жаран кайткан, өлкөдөн чыгып кеткендердин саны 4 миңге барабар. Ушул жылдын сентябрь айына карата өлкөнүн калкы 5 миллион 964 миң адамга жеткен.
Эскерте кетсек, 5 миллионунчу бала 2002-жылы август айында төрөлгөн.