Ош. Балдарды 480 сааттык мектепке даярдоо программасы боюнча мугалимдерге ачык сабак өтүлдү

Ош шаарындагы № 21-мектеп-гимназиясында балдарды 480 сааттык мектепке даярдоо программасы боюнча мектеп мугалимдерине ачык сабак өтүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө бардык мектептердин мугалимдери "Мекеним - жан дүйнөм" аттуу мектеп музейине саякат жасашып, "Мектеп китепканасы - акылдын казынасы" аттуу китепкана менен да таанышышты. Ошондой эле "Коррупция - 21-кылымдын илдети" аталышындагы залдын презентациясы болуп, мектепке чейинки даярдоо класстарындагы окуучулардын ыр-бийлерине, сахналаштырылган көрүнүшүнө күбө болушту.

Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, ачык сабак мугалимдер тарабынан жогорку деңгээлде өтүлүп, тажрыйба алмашуу болуп, ой-пикирлер, сунуштар айтылды.
Саамалык педагогикалык адистердин кесиптик чеберчилигин үзгүлтүксүз жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана мектепке чейинки билим алган жаш жеткинчектердин билимин текшерүү максатында уюштурулду.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын сентябрь айында 480 сааттык программа боюнча 392 башталгыч класстын мугалимдери семинар-тренингден өтүшкөн. Ал эми октябрь айында 52 мугалим өтүп, ноябрь айында 36 мугалим өз билимин өркүндөтүү боюнча Билим берүү институтуна барышат.
Иш-чарага 480 сааттык программа боюнча башталгыч класстын мугалимдери, окуучулар, ата-энелер жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kunbeken
2015-11-03 20:29:24
саламатсызбы админ мугалимдердин айлыгы жонундо жазгылачы
0
admin_portal
2015-11-04 11:47:22
Kunbeken, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
Kaary, Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, сунуш, суроолор info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан