Ош шаарында эртең, 5-ноябрда өлкөдөгү ислам дининин радикалдашуусу талкууланат. Иш-чараны Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институттун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү уюштурууда.
"Кыргыз жериндеги исламдын радикалдашуусу: чакырыктар жана жооптор" аталышындагы тегерек столдо өлкө аймагындагы диний көйгөйлөр талкууланат. Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, ИИМдин 10-Башкармалыгынын өкүлдөрү, дин жаатындагы эксперттер, теология илимин изилдөөчүлөр катышат.