Жогорку Кеңештин депутаттарына баары бир жаңы креслолор алынары айтылды

"Жогорку Кеңеште депутаттардын креслолорун баары бир алмаштыруу керек",- деп билдирди парламенттин 4-ноябрдагы жыйынында спикерликке талапкер Асылбек Жээнбеков. Депутат алтынчы чакырылыштагы парламенттин иши чуу менен башталганын моюнга алды. Жыйында депутат Чолпон Жакупова парламент аппараты ачык иштеп, ММКлар үчүн түшүндүрмө жасап туруу керектигин айткан эле.

"Ооба, маалыматтык согушта биз утулдук. Бирок креслолордун көбү алмаштырууга муктаж, баары бир алмаштырыш керек. Депутаттар отуруп алып айланып-тегерене турган эмес, жөнөкөй, отуруп иштей турган жана 20-30 жылга кызмат кыла турган креслолорду алуу зарыл",- деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан