Суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 5-ноябрда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында иче турган сууну берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Абдрахманов, Бөкөнбаев көчөлөрү, Тынчтык кең көчөсү жана Кулатов көчөсү менен чектешкен аймакта суу берүү чектелет. Ошондой эле Фучик, М.Фрунзе жана Манас кең көчөсү чектешкен жерлерде суунун басымы азаят.
"Бишкек суу-канал" башкармалыгы жаралган ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана иче турган сууну алдын ала камдап алууга чакырат.