Парламенттин 4-ноябрдагы жыйынында депутат Зиядин Жамалдиновдун креслосу сынып калды. Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын кызматкерлери депутаттын креслосун алмаштырып келүү үчүн залдан алып чыгып кетишти.
Айта кетсек, 8-октябрда Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы VI чакырылыштын депутаттарына 2 миллион 682 миң сом сарптап жаңы 120 кресло сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Сатылып алынуучу 120 кресло интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жараткандыктан, башкармалык кресло сатып алуудан баш тарткан эле.