"Президент болом же болбойм деп айта албайм",- деди өкмөт башчылыкка талапкер Темир Сариев Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында. Суроо-жооп учурунда депутат Сайдулла Нышанов ага кайрылып: "5 ай мурун ушул жерден сизди өкмөт башчы болуңуз дегенибизде макул болгонсуз. Дагы ушундай сунуш болуп, президент болууну сунуштасак макулсузбу?"- деп суроо берди.
"Карап көрөбүз, ал үчүн сиздердин, элдин, президенттин ишенимине киришим керек. Мына азыр өкмөт башчылыкка сунушталып жатам, эгерде иштей албай калсам үч айдан кийин кууп жиберип, башканы шайлап аласыздар. Иштебесең президент болгондун эмне кереги бар?"- деп жооп кайтарды Сариев.