Бүгүн, 4-ноябрда Свердлов районуна караштуу “Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби” окуу-тарбия комплексинде “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу фестиваль өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, фестиваль үч турдан туруп, анын жүрүшүндө 5-11-класстын окуучулары Ата Мекенге, кыргыз элине, кыргыз жерине, энеге, жаштарга арналган патриоттук ырларды аткарышты. Фестивалга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, ИИМдин Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу башкы башкармалыгынын, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын, Свердлов райондук билим берүү башкармалыгынын жана ата-энелер комитетинин өкүлдөрү катышышты.