Жогорку Кеңеште түзүлгөн бирдиктүү комитет өкмөт башчылыкка Темир Сариевдин талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңеште түзүлгөн бирдиктүү комитет өкмөт башчылыкка Темир Сариевдин талапкерлигин жактырды. Комитетте депутаттар алгач Сариевден өкмөттүн 11 багыттан турган программасын угуп, андан кийин өз суроолоруна жооп алышты. Жыйынтыгында Сариевдин талапкерлиги добушка коюлуп, 89 депутат "макул" деп добуш берсе, 5 депутат "каршы" деп добуш берди. Андан кийин депутаттар, регламентке ылайык, анын талапкерлигин жалпы жыйында кароого киришишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан