4-ноябрда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кезектеги коллегиясы болуп өттү. Жыйында мектеп жана бала бакчалардагы кемчиликтер менен кошо алгылыктуу жасалып жаткан иштер, ийгиликтер жөнүндө кеңири сөз болду.
Башкармалыктан кабарлашкандай, шаардагы гимназия-мектептердин окуу-тарбия иштери, шаардык, республикалык сынактардагы орду, мектепке чейинки билим берүү иштеринин көзөмөлдөнүшү жана "КРнын Мамлекеттик тил мыйзамынын" 26 жылдыгына карата аткарылган иш-чаралардын жыйынтыктары жана башка ушул сыяктуу маселелер жыйындын негизи болду. Ошондой эле суук түшкөндүгүнө байланыштуу билим берүү мекемелериндеги кышка даярдык, жылуулуктун берилиши, техникалык оңдоп-түзөөлөрдүн толук аткарылышы жөнүндө кеңири айтылып, талкууланды.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы К.Кимсанов шаардагы ар бир мектеп, бала бакчалар толук жылуулук менен камсыз болушун тыгыз көзөмөлдөөнү жана мектепке чейинки билим берүүдөгү медицина көзөмөлүн текшерүүнү күчтөндүрүүнү тапшырды.
Жыйынга шаардагы мектеп жана бала бакчалардын директорлору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы менен бирге бардык кызматкерлер жана коллегиянын мүчөлөрү катышышты.