"Forbes" журналы Владимир Путинди үчүнчү жолу "Жылдын эң таасирдүү адамы" деп тапты

Америкалык "Forbes" журналы 2015-жылы Орусиянын президенти Владимир Путинди үчүнчү жолу катары менен "Жылдын эң таасирдүү адамы" деп тапты. Экинчи орунда Германиянын канцлери Ангела Меркель, үчүнчү орунда АКШнын президенти Барак Обама экени жарыяланды. Төртүнчү орунда Рим Папасы Франциск, бешинчиде Кытайдын лидери Си Цзиньпин турат.
Алдынкы ондукка миллиардер Билл Гейтс, АКШнын Федералдык резервдик системинин башчысы Жанет Йеллен, Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана "Google" компаниясынын тең негиздөөчүсү Ларри Пейж киргени маалымдалды.
"Forbes" журналы Орусияга каршы киргизилген эл аралык санкциялар, орус валютасынын алсызданышы жана Орусия экономикасынын кыйынчылыкка кептелишине карабай өлкө жарандарынын Путинди колдоо рейтингинин көрсөткүчү июнда 89 пайызды түзгөнүн белгилейт.
"Октябрда ал Сирияда "Ислам мамлекети" тобуна каршы чабуулдарды баштады, андан кийин Сириянын президенти Башар Асад менен бетме-бет кездешти. Мында АКШ менен НАТОнун алсыздыгы көрүнүп, Орусиянын эл аралык таасири калыбына келүүгө багыт алды",- деп жазды басылма.
Эскерте кетсек, "Forbes" журналынын тандоосу боюнча 2014-жылы алдынкы ондукка булар кирген:
1. Владимир Путин
2. Барак Обама
3. Си Цзиньпин
4. Рим Папасы Франциск
5. Ангела Меркель
6. Жанет Йеллен
7. Билл Гейтс
8. Марио Драги (Европа борбордук банкынын башчысы)
9. Ларри Пейж менен Сергей Брин ("Google" компаниясынын тең негиздөөчүлөрү)
10. Дэвид Кэмерон
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан