Баткен шаарындагы драма театрда кечээ, 4-ноябрда "Мен тынчтыктын жаранымын" аттуу фестиваль өттү. Ага Баткен мамлекеттик университетинин студенттери, Ж.Бөкөнбаев, В.Ленин, С.Айтматов атындагы жана Кызыл-Жол орто мектептеринин окуучулары катышышты.
"Биз түрдүүбүз, биз теңбиз" деген ураандын астында өткөн фестваль PEACE долбоорунун негизинде ишке ашты. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.