2014-жылы орто жана чакан бизнес тармагында 10 478 ишкана катталган. Булардын көбү (6640 ишкана) Бишкекте жайгашкан. Аймактар боюнча эң көбү Чүй облусунда (1227 ишкана), эң азы Баткен облусунда (163 ишкана) каттоого алынган. Мындай маалымат бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте Экономика министрлигинин жыйындар залында өткөн "Ички инвесторлор менен жергиликтүү бизнестин катнашуу мүмкүнкүнчүлүктөрү" аттуу тегерек столдун жүрүшүндө белгилүү болду.
Маалым болгондой, былтыр экспорттолгон товарлардын 20,7 пайызы чакан жана орто бизнеске таандык.
"Өнүккөн өлкөлөрдө орто жана чакан бизнестин ички дүң продукцияга болгон салымы чоң. Мисалы, Японияда 70 пайыз, Германия 40 пайыз, АКШда 50 пайыз, Кытайда 60 пайызды түзөт. Кыргыз жергесинин ЕАЭБдеги шериктештигинде бизнестин бул тармагы өтө өнүккөн эмес. Орусияда орто жана чакан бизнес ички дүң продукция 15 пайызды, Казакстанда 18 пайызды түзөт",- дешти адистер.