Билим берүү жана илим министрлиги 2015-2016-жылкы окуу жылындагы күзгү-кышкы каникулдардын канча убакытка созуларын белгиледи. Ага ылайык, кышкы каникул 25, күзгү каникул 5 күнгө созулат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жалпы билим берүү мекемелеринде билим алгандар 4-9-ноябрь күндөрү эс алышат. Ал эми кышкы каникул 31-декабрдан 24-январга чейин болсо, жазгы эс алуу 17-22-март күндөрү болот.