Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында депутат Каныбек Иманалиев жаш балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн кылмышкерлерге карата жазаны күчөтүү керектигин айтып чыкты. Анын пикиринде, узак убакытка камалган кылмышкерлерге жеңилдик берип, абактан бошотууну токтотуу зарыл.
"Акыркы учурларда өлкөдө зордук-зомбулукка учураган жаш балдардын саны өсүп жатат. Бул 25 жыл ичинде кылмышкерлерге карата 23 мунапыс кабыл алып, аларга жеңилдик берип жатканыбыздын кесепети болду. Кылмышкерлер коомго терс таасирин гана бербестен, жаш балдардын тагдырын талкалап жатышат. Ошондуктан жазаны күчөтүү керек. "Ата Мекен" фракциясы учурда ушунун үстүнөн иштеп жатат",- деди Иманалиев.