Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-ноябрда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун кеңешинин төрагасы, Орусиянын каржы министринин орун басары Сергей Сторчакты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда приоритеттүү саналган айыл чарба, тигүү тармагы, өндүрүштү кайра иштетүү жана ипотекалык насыя сыяктуу стратегиялык багыттарды өнүктүрүү фонду тарабынан каржылоо маселелери каралды. Өлкө башчы фермерлердин жана кайра иштетүүчүлөрдүн жеңилдетилген насыяларды алуусун кол жетерлик кылууга шарт түзүү зарылчылыгын баса белгиледи.