Ош шаарындагы мектеп жана бала бакчалар жылуулук менен толук камсыз болушту. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга чейин башкармалык тарабынан билим берүү мекемелерин күз-кыш айларына даярдоо максатында тийиштүү иш-чаралар көрүлүп келген жана азыркы учурда да иштер уланууда. Ошондой эле мектеп жана бала бакчалардын элеваторлору, жылуулук түтүктөрү текшерүүдөн өткөрүлүп, оңдоо жумуштары аткарылып жатат. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттен акча каралып, 5 мектеп, 3 балдар бакчасында жылуулук системин капиталдык оңдоо жумуштары жүргүзүлдү.
Буга катар билим берүү мекемелеринин 2015-2016-жылга күз-кыш айларына даярдыгын көзөмөлдөө жана аларга жакындан жардам берүү максатында Билим берүү башкармалыгы тарабынан атайын штаб түзүлгөн. Штабдын мүчөлөрү пландын негизинде иш алып барышууда жана жума сайын штабда даярдык боюнча маалыматтар угулууда.
Ош шаарындагы Билим берүү башкармалыгына караштуу 83 билим берүү мекемеси күз-кыш мезгилине ЖЭБ, Ош шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасы тарабынан жана өздүк откана аркылуу жылуулук алат. Анын ичинен ЖЭБ аркылуу 26 (16 мектеп жана 10 балдар бакчасы), Ош шаардык жылуулук менен камсыздоо тарабынан 50 мекеме (32 мектеп, 18 балдар бакчасы), өздүк электр тогу менен 1 мектеп, өздүк буу казанынан 6 мекеме (4 мектеп, 6 балдар бакчасы) камсыздалат. Өздүк буу казаны менен жылытылган 4 мектеп, 2 балдар бакчасы 280 тонна көмүр менен камсыздалып жатат.