Бишкектеги Тарых музейинде “Идеялар жарманкеси” аталышында кароо-сынак өтүүдө. Уюштуруучулардын айтымдарында, иш-чара 6-ноябрга чейин уланмакчы.
"Кароо-сынактын максаты - кыргыз жергесиндеги таланттуу жаштарды инновациялык изденүүлөргө, келечекте мыкты долбоорлорду иштеп чыгууга багыттоо жана алардын интеллектуалдык чыгармачылыгынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү, мамлекеттин социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн жаңы идеялардын, сунуш-пикирлердин келип чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүү",- дешет уюштуруучулар.
"Кыргыз патенттин" алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонддун аткаруучу директору Сияпат Батырканова: “Кароо-сынакка жаш окумуштуулардын, студенттердин жана ойлоп табуучулардын жаңы иштелмелери, ойлоп табуулары, инновациялык долбоорлору коюлуп, адистер жана калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөр аныкталат. Учурда сынакка 134 катышуучу тартылып, 89 долбоор иштери көрсөтүлүүдө. Жеңүүчүлөр "Кыргыз патенттин" төш белгиси, Ардак баракчасы жана баалуу сыйлыктары менен сыйланат”,- деди.