20-октябрда Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын тарбиялануучулары №38-мектептин окуучуларын сабашкан. Бул окуя боюнча түзүлгөн комиссия текшерүү иштерин жүргүзүп, чечим кабыл алды. Жакын арада №38-мектептин балдарын сабаганга катышкан спорт мектебинин окуучулары аныкталып, окуудан чыгарылышат. Ошондой эле окуя болгон күнү жумушта болгон машыктыруучулар, класс жетекчилер жумуштан алынышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Нуржан Бардинова билдирди.
Анын айтымында, окуудан чыгарылган балдар кийин кайра бул окуу жайга кабыл алынбайт. "Окуу жайдын ишмердүүлүгү 2 аптага токтотулган. Бул эки аптаны биз биринчи жарым жылдыкка чейин толуктайбыз. Бардык пландар иштелип жатат. Жакын арада окуу жайдын директору кызматына сынак жарыяланат",- деди ал.
Кошумчалай кетсек, окуя 20-октябрда катталган. Анда спорт мектебинин тарбиялануучулары №38-мектепке чогулуп барып, терезелерди талкалашкан. Окуя учурунда жогорку класстын балдары токмоктолгону маалымдалган. Окуянын себептери белгилүү болгонго чейин Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын директору Маратбек Кыбраев кызматынан убактылуу четтетилген.