Фракциялар комитет түзүмүн жабык эшик артында талкуулап жатышат

Учурда Жогорку Кеңештеги фракциялар жабык эшик артында жыйындарды өткөрүшүүдө. Депутат Жанар Акаевдин SUPER.KG'ге билдиришинче, фракциялар жыйында комитеттердин курамын аныктап, алардын төрагаларын жана орун басарларын дайындоо боюнча маселени карап жатышат.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештеги 14 комитет 9 комитет болуп кыскартылууда. Анын 7си коалициялык көпчүлүккө тийсе, 2 комитет оппозициялык азчылыкка берилет.

Белгилүү болгондой, Мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитети менен Регламент жана депутаттык этика комитети, Билим берүү, илим, маданият, спорт комитети менен Социалдык саясат комитети, Коргоо жана коопсуздук комитети менен Эл аралык иштер боюнча комитети бириктирилүүдө.

Комитеттерди төмөнкүдөй түзүү сунушталган:

- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет;

- Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;

- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитет;

- Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет;

- Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет;

- Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет;

- Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет;

- Бюджет жана финансы боюнча комитет;

- Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан