Сауд Арабиядан келген дин илимдеринин доктору Муса Шариф кыргыз жарандарын Сириядагы согушка барбоого чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Муса Шариф кыргыз жергесинин түштүк аймактарында “Радикализм, терроризм жана экстремизмдин кесепеттери жана сактануунун жолдору” аттуу семинарларды өткөрдү. “Жолугушуу учурунда Шариф Сирияга жихад деп азгырылып барган жарандар өз мамлекетин саткан менен барабар экенине токтолуп, чыныгы жихад өз мекенин өнүктүрүп, салым кошуу экенин баса белгиледи. Бүгүн Муса Шарифтин Оштогу лекциялары жыйынтыкталып, ал Бишкек шаарына жөнөп кетти”,- деп жазылат маалыматта.