Болгарияда 3-7-ноябрь күндөрү өткөн сынакта кыргыз жеринен барган Таңсулуу Өмүрзакова "Ааламдын супер модели-2015" ("Super Model Universe") наамын жеңип алды. Бул тууралуу сынактын расмий сайты жарыялады.
18-25 жаштагы кыздар жана уландар арасындагы сынакка ар кайсы мамлекеттен 30дан ашуун катышуучу келген. Уландар арасында "Ааламдын супер модели" наамына мальталык Мэтью Сант татыган.
Сынакта "Жашоонун сергек мүнөзү" деген ураандын астында катышуучулар спортко болгон мамилесин көрсөтүштү. Ошондой эле купальник жана кече кийимдери менен чыгышты. Натыйжада баш байгени кыздар арасында кыргыз жеринен барган Т.Өмүрзакова утту.