Жогорку Кеңеш 20-22-ноябрда VI чакырылыштагы парламенттин депутаттары үчүн багыттоочу семинар өткөрөт.
Семинарда парламентаризм жана парламенттик укук, парламенттин иш-милдеттери менен ыйгарым укуктары, Жогорку Кеңештин мамлекеттик бийлик институттары менен өз ара байланышы сыяктуу маселелер каралат.
Семинардын ишине эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, башка өлкөлөрдүн парламент депутаттарынын катышуусу күтүлүүдө.