Дмитрий Песков Путиндин кызы деп айтылган айымга байланыштуу маалыматты четке какты

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путиндин кызы деп айтылган айымга байланыштуу маалыматты четке какты. "Reuters" агенттиги "Газпромбанктын" өкүлү Андрей Акимовго шилтеме берүү менен "Иннопрактика" компаниясынын жетекчиси Екатерина Тихонованы "Орусия президентинин кызы" деп жарыялаган эле. Песков президенттин кызы тууралуу кандайдыр бир маалымат таратпай турганын, анткени бул нерсе кызматтык милдети эместигин белгилеп: "Мен бул айтылгандарды четке кагам. Акимов өзү да бул маалыматты таң калуу менен кабыл алганын, эч кимге мындай маалымат бербегенин айтып чыкпадыбы",- деп билдирди.

"Газпромбанктын" маалымат кызматы да аталган агенттиктин маалыматын жалганга чыгарган расмий билдирүү жасады. "Акимов мындай билдирүү жасаган эмес. Көрүнүктүү басылманын журналисттеринин мындай так эмес маалыматты таратканына Акимов да өтө таң калды. Бул ушак эмес, бул түздөн-түз каралоо",- деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан