Республикада 2015-жылы 71 мектеп куруу пландалса, бүгүнкү күнгө чейин анын 57си курулуп бүттү. Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин билдиришинче, ноябрдын аягына чейин дагы 9 мектепти, декабрда 5 мектепти ишке берүү күтүлүүдө.
Өкмөттүн 11-ноябрдагы жыйынында премьер-министр Темир Сариев курулушта бааларды жасалма көтөрүү аракети болбошу керектигин белгиледи. Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин төрагалыгы менен атайын жумушчу топ түзүлүп, бул жаатта текшерүү жүргүзмөкчү.
Өкмөт башчы "Жер-Үй" кенинин эсебинен кийинки жылы курууга пландалган мектептердин долбоорлорун кайра карап чыгуу тапшырмасын бергенин билдиришти өкмөттүк аппараттан.