"Узак мезгилден бери өлкө аймагында "Таза суу" долбоору толук иштебей жатат",- деп билдирди депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин 12-ноябрдагы отурумунда. Депутат бул маселе V чакырылышта да көтөрүлүп, бирок чечилбей калганын айтты.
"Долбоор Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат экен. Бул маселе мурдагы чакырылыштын учурунда да козголгон эле, ал учурунда чечилбей калгандыктан, эми дагы көтөрүүгө туура келүүдө. Тезинен чечүү керек. Дүйнөлүк банк каржылаган долбоорлор иштеп жатат. Ал эми Азия өнүктүрүү банкы каржылай турган долбоор токтоп турат. Менимче, өкмөт бул банк менен жакындан иш алып барып, ортодогу көйгөйлүү маселени чечиши керек", - дейт депутат.