Дастан Бекешев жарандардын доллар менен алган насыясын сом менен төлөөсүнө жол ачуу керектигин айтты

Доллардын курсу 72 сомго чыгып кетти, курс 55-56 сом кезинде насыя алгандар акчасын убагында төлөй албай калышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 12-ноябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. Депутат Улуттук банк интервенция жасап жатканын, бирок ал жетишсиз экенин белгиледи.

"Жарандардын доллар менен алган насыяларын улуттук валютага өткөрүү же алардын насыясынын кунсузданган бөлүгүн мамлекеттин эсебинен төлөп берүү жагын караштыруу зарыл. Болбосо өкмөт бул көйгөйдү чечүүнүн дагы башка жолдорун иликтеп чыгып, кандайдыр бир чараларды көрүшү керек. Ансыз деле калктын жашоосу кыйындап баратат",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан