Ош аэропортунун кызматкерлеринин туура эмес аракеттери парламентте айтылды

Депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Ош аэропортунун коопсуздук маселесине токтолуп, аэропорт кызматкерлеринин туура эмес аракеттерин айтып чыкты. Анын билдиришинче, аэропортто иштеген бажы кызматкерлери, чек арачылар жана башка кызматкерлер өз милдеттерин так аткарбай жатышат.

"Аэропортко келген өздөрүнүн жакындарын кезексиз текшерүүдөн өткөрүп, жүктөрүн жеткирчү жерге жеткирип берип турушат экен. Бул терс көрүнүш акыркы учурда аябай күч алды. Акыркы учурларда аталган аэропортто өтө туура эмес окуялар болду. Эмнеге алардан сабак алышпайт? Экстремизм күч алып, коркунучтуу учур болуп турат. Ошондуктан ар бири өз милдетин так аткаруусу керек",- деди Жамалдинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан